Отунчу уулу Элүүбай

Элүүбай Отунчу уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Отунчу уулу Элүүбай ― акын жана жазуучу. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу[1].

Элүүбай Киров районуна караштуу Чимкент айылында 1939-жылы 15-ноябрда туулган.

Ал 1956-жылы орто мектепти бүтүрүп колхоздо иштеген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктап, 1963–1965-жж. Аламүдүн, Киров райондорундагы райондук комсомол комитеттеринин аппараттарында иштейт.

1965-жылдан Киров райондук «Октябрь таңы» аттуу гезитте адабий кызматкер, редактордун орунбасары, 1977–1979-жж. Москвада СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Адабий Жогорку курстан окуган.

Элүүбай 1954-жылдан райондук гезитке кабар жаза баштайт. 1959-жылдан баштап аңгеме жазууга өтөт. «Баткан күн чыгат» деген биринчи повести 1969-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан.

Ал Уилям Фолкнердин аңгемелерин кыргызчага которгон.

1975-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн чыгармалары

түзөтүү
  • Баткан күн чыгат: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1969. - 87 б.
  • Сергек өмүрлөр. - Ф.: Кыргызстан, 1970. - 118 б.
  • Бир тоголок дан. -Ф.: Мектеп, 1972.- 96б.
  • Алтын казык. - Ф.: Кыргызстан, 1975.- 188 б.
  • Молдо Асан, 2008 (роман)
  • Жеңижок, 2015 (роман)[2]

Булактар

түзөтүү
  1. https://nagrada.srs.kg/Site/Awarded/20388
  2. Шамшиев, Бекташ. Өтө акындын өзгөчө дүйнөсүн ачкан китеп, Азаттык үналгысы (22.05.2019).