Элөт - Тарыхый оозеки чыгармалардын маалыматтарында Жунгарлар түндүк элеттор экендиги, алар түпкүсү легендарлуу Элет-Дархан аттуу нойондон тараары баяндалат.

Изилдөөчүлөр элөттөрдү өз алдынчалыкка ээ уруу, этностук аталыш моңгол (калмак) тилдеринде «өз алдынча бөлүнгөн», «жамааттан, негизги журттан ыраак жайгашкан эл» маанисин туюнтарын белгилешет.

16-к. чейин элөттөр (өлеттер) дөрбэн-ойроттордун (төрт ойрот) ири уруусу катары эскерилет. Н.Я.Бичурин: «... Жунгариялык элөттөр Кобдодон чыгышка карай, тагыраак айтканда Селенга дарыясынын башкы агымына чейинки аймактарды мекендешкен.

...15-к. карата элөттөрдун саны көбөйүп кеткендиктен, алар (элеттор) ойроттордун курамына кошулгандан соң калмактардын баары «Чжунгар (Жунгар) элөттөрү» деп атала башташты» - деп жазат. 18-к. 2-жарымында (1753-1756) элөттөрдүн басымдуу бөлүгү Цинь (Манчжур) империясынын аскерлери тарабынан кыргынга алынганы маалым.

Элөттөр - кара калмактар деген ат менен да белгилүү. Алардын басымдуу бөлүгү учурда Батыш Кытайдагы (Чыгыш Түркстан) Текес суусуна жамаатташ аймактарды мекендешери маалым. Көл кылаасындагы сарт-калмактар 20-к. 20-ж чейин өздөрүн элөт деп аташчу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.