Эл аралык Трансгендердүү адамдардын күнү

Эл аралык трансгендердүү адамдардын күнү (англ. International Transgender Day of Visibility) — Жыл сайын 31-мартта өткөрүлүүчү майрам . Майрам транс*гендердүү адамдарды колдоо жана алар туш болуп жаткан дискриминация тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Эл аралык трансгендердүү адамдардын күнү 2009-жылы түзүлгөн. Аны АКШнын Мичиган штатындагы тренс*гендердүү активист Рейчел Крандалл-Крокер (англ. Rachel Crandall-Crocker), ЛГБТ-коомчулугунда транс*адамдарга арналган майрам жоктугун айтып, демилгелеген. Ал убакта трансфобиянын негизиндеги кылмыштан курман болгондорго арналган транс*гендердүү адамдарды эскерүү күнү гана болуп, бирок тирүү транс*гендердүү адамдарга арналган майрам жок болчу .

Бул күндүн алкагында тасма, сүрөт көргөзмөлөрү, лента кампаниялары, активисттердин жолугушуулары, Интернет айгымында жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.