Эл туган тутук – 9–10-кылымдагы кыргыз элчиси. Бул маалымат Улуг-Кем суусунун куймасындагы (Енисейдин куймасы, Тува) Оок-Тарлак деген жерден табылган руна сымал жазуусу бар ташка жазылган (таштын өлчөмү 1,67х1,10 см). Эстеликте 60 жашка чыгып көз жумган Эл туган тутук алты багка бек, Көк-Теңир колдогон кагандын ишенимдүү элчиси экендиги айтылат. Баг – енисейлик кыргыздардын аймактык башкаруу бирдигинин аталышы. Кыргыз кагандары айрым адамдарга мамл-тин алдында өтөгөн өзгөчө кызматы үчүн «элчи», «тутук», «тархан», «бага тархан» жана башка наамдарды ыйгарышкан.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.