Эмгекке жарамсыздык баракчасы

Эмгекке жарамсыздык баракчасы — эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкон жумушчу, колхозчу, кызматчыларга жумуштан бошонуу жана көмөк алуу укугун күбөлөнтүүчү барак.

Мамлекеттик социалдык. камсыздандыруу жөнүндөгү советтик закон боюнча ооруган, кырсыкка учураган, кош бойлуу жана төрөттөн кийин, өтө жугуштуу оорулардын козгогучун алып жүргөн, баласы же үй-бүлө мүчөсүнүн бири катуу ооруп калган жана башкалар учурда көмөк алуу менен жумуштан бошотулат. Эмгек жана башкалар дарылоо-алдын алуу мекемелеринин врачы 6 күнгө чейинки мөөнөткө берет. Андан узак мөөнөткө врачтык-консультациялык комиссия узартат. Ал боюнча көмөктүн мыйзамда көрсөтүлгөн өлчөмүн профсоюз комитетинин социалдык камсыздандыруу совети белгилейт.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8