Эмгек рыногу. Бир катар макроэкономикалык проблемалар эмгек рыногунан келип чыгат.

Бул жумушсуздуктун жана анын экономикалык жана социалдык чыгымдарынын проблемалары. Советтер Союзунун тушунда өлкөдө жумушсуздук жок деп эсептелинчү. Ушул себептен биздин экономикалык илимибизде жумушсуздук теориясы өнүктүрүлгөн эмес. Өткөөл мезгилде, мурдагы социалисттик багыттагы өлкөлөр жумушсуздуктун улам көбөйүп бараткан деңгээлинин фактысынын алдында калган кезде, иш менен камсыз кылуу теориясын түзүү жана өнүктүрүү зарыл болду. Балким, бул иш жүзүндө өткөөл мезгил жагдайына карата Батыштын экономикалык теориясынан толугу менен көчүрүп ала турган экономикалык илимдин бир азыраак багыттарынын бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9