Эмил"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, кыргыз баатыры. Айчүрөктү олжологону келген Кыястын колу менен урушта курман болот (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 334).

Эмил "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Эжибайдын атасы экендиги гана айтылат (Курама вариант, "Сейтек", 38).

Эмил — "Манас" эпосундагы топоним. Эпостун айрым эпизоддорунда кыргыздар мекендеген жер. Көкөтөйдүн керээзинде Э. суусу аркылуу Бээжинди көздөй жол менен кеткени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 22). Географиялык реалияда Борбордук Жунгариядагы суу жана анын боюндагы шаар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4