ЭМИЛБЕК уулу Айбек – энциклопедист, Кыргызстандагы мыкты физик мугалимдердин бири. 1987-жылы 4-августта Нарын областына караштуу, Кочкор районунун Кочкор айылында медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы – Ысагалиев Эмилбек, саламаттыкты сактоонун отличниги, апасы – Алиева Сүйүм, «Баатыр эне» медалынын ээси. А. Эмилбек уулу 1994-жылы мектеп босогосун аттап (К. Бай уулу жана И. Арабаев атындагы орто мектептери), 2005-жылы мектепти «артыкчылык аттестаты» менен аяктаган. 2005-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Физика жана электроника факультетине тапшырып, аны 2010-жылы «артыкчылык диплому» менен бүткөн. Учурда КУУнун аспиранты. Бир катар грамота, ардак грамота жана дипломдор менен сыйланган.

  • 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында библиограф, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Улуттук компьютердик гимназияда физика мугалими, Кыргыз Улуттук энциклопедиясында физика жана спорт тармагы боюнча редактор болуп эмгектенет. Жыйырмага жакын публицистикалык, онго жакын илимий эмгектердин автору.
Эмилбек уулу Айбек

Эмгектери түзөтүү

  • Булактан тунук махабат. Ырлар жыйнагы. – Б.: Бишкек-Транзит, 2011.
  • Ой жүгүртүү түшүнүгү жөнүндө. КУУнун Жарчысы. - Б., 2011.
  • Физика сабагында тескери образды колдонуу. КББАнын Жарчысы. - Б., 2011.
  • Менин педагогикалык философиям // Кут билим. – 2011. - 15-июль. – №26.
  • Окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүчү көнүгүүлөр системасын түзүү. КМУнун Жарчысы. - Б., 2012.
  • Биринчи декан // Кыргыз-Туусу. - 2012. – 29-май. - №41. – Б. 10.