III Маршалл Брюс Мэтерс (англ. Marshall Bruce Mathers III ; 1972-жылы 17 октябрь, Сент-Жозеф, Миссури, АКШ) - Эминем (англ. Eminem) сахналык аты менен таанымал болгон америкалык рэпер, музыкалык продюсер, композитор жана актёр.

Eminem
Marshall Bruce Mathers III
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Маршалл Брюс Мэтерс III

Туулган датасы

17 -октябрь 1972(1972-10-17) (51 жаш)

Өлкө

АКШ

Кесиптери

рэпер, музыкалык продюсер, композитор, актёр

Аспаптары

Вокал, синтезатор, семплер

Жанрлары

рэп
хип-хоп
хардкор-хип-хоп
хорроркор
рэп-рок

Активдүү жылдары

1988–жылдан баштап...

Кызматташтык

50 Cent, Dr. Dre, Nate Dogg, Obie Trice, Rihanna, Skylar Grey, Jay-Z Slaughterhouse, Lil Wayne, Royce da 5'9

Лейблдар

Aftermath, Shady, Interscope
(азыркы)
Web Entertainment, Bassmint Productions, FBT Productions, Mashin’ Duck Records
(мурунку)

Сыйлыктары

Грэмми, Оскар

Автографы

[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]]

http://www.eminem.com

Соло мансабындан тышкары, Маршалл D12 аттуу тобунун жана Bad Meets Evil хип-хоп-дуэтинин да мүчөсү. Эминем эң көп сатуулары болгон музыкалык артисттердин арасына кирет. Көпчүлүк журналдар аны баардык мезгилдеги эң мыкты музыканты деп аташат. Анын ичинде Rolling Stone журналы боюнча “100 улуу артисттер” тизмесинде ал 83 орунга жайгашкан. Ошондой эле, бул журнал аны хип-хоптун Королу деп да жарыялаган. Эгерде анын студиялык жумуштарын эсептесек Эминемдин 10 альбому Billboard 200 чарттарынын эң жогорку орундарын ээлеген. Соло артист катары Эминем бүт дүйнө боюнча 100 миллиондон ашык үн жазууларын сатты. 1996-жылы Infinite (кырг. чексиз) аттуу жеке дебюттук альбому чыккандан кийин, Эминем 1999-жылы негизги-лейблда (англ. major label) The Slim Shady LP дебюттук альбомунун релизи менен зор ийгиликтерге жеткен. Бул лонгплей эң мыкты рэп-альбом болуп Эминемге биринчи Грэмми сыйлыгын алып келген. Эминемдин кийинки The Marshall Mathers жана LP The Eminem Show пластинкаларына үчүн ал, ошол эле категориядагы Грэмми сыйлыктарына үч жолу ээ болот. 2004-жылда Encore (кырг. бис) альбому жарыкка чыгышы менен гастролдук туру да башталат. Андан кийин Эминем чыгармачылык тыныгууну алат. Ал 2009-жылы 15 майда 5 жыл ичинде биринчи жолу Relapse(кырг. кайталоо) аттуу альбомун жаздырып чыгарат. 2010-жылы дүйнө жүзү боюнча ийгилик менен коштолгон жана эң сатылуучу Recovery(кырг. айыгуу) деп аталган жетинчи студиялык альбому жарыяланган. Эминемдин Relapse жана Recovery пластинкаларына үчүн да ал Грэмми сыйлыгына татыктуу болгон. 5 ноябрьда 2013-жылы Эминем, ошондой эле Грэмми сыйлыгы менен белгиленген сегизинчи студиялык альбомун The Marshall Mathers LP2 чыгарат. Мансабы боюнча артист катары Эминемдин Грэмми сыйлыктарынын саны жалпысы 15 жетет. 2016-жылы күзүндө Маршалл жаңы альбом чыгарууга аракет кылып жатканын сүйлөдү. 29 ноябрьда 2017-жылы Eminem Revival (кырг. кайра жаралуу) альбомун ананстады (орус. анонсировать). Эминем ар кандай иш-чараларды жүргүзөт, мисал катары, Пол Розенберг менен бирге үн жазуучу студиясын башкарат жана Shade 45 аттуу жеке радиостанциясын негиздөөчүсү болуп саналат. 2002-жылы Эминем “8 миля” деген жарым автобиографиялык хип-хоп-драмасында тартылган. Ал бул фильдин эң мыкты ырын жазган үчүн “Оскар” сыйлыгына татыктуу болгондордун алгачкы рэп-артисти болуп саналат.

Биографиясы түзөтүү

Балалыгы түзөтүү

Маршал Брюс Мэтерс 17 октябьда 1972-жылы АКШдагы Миссури штатынын Сент-Жозеф кичи шаарысында туулган. Анын ата-энеси, Маршалл Б.М (1947-ж туул.) жана Дебора Рей (Нельсон) Мэтерс-Бригс (1955-ж туул.) музыкант болуп “Рамада” аттуу ресторандардын мейманкана тармактарында иштешкен. Дебора 15 жашта болгондо алар баш кошушкан жана балалуу болушкан. Бала төрөө абдан оор жана көп убактылуу болду 73 саат. Бул төрөт убагында Дебора дүйнөдөн кайта жаздаган. Жарым жылдан кийин Маршаллдын ата-энеси бири биринден ажырашат. Атасы Калифорнияга көчүп, жаңы эки балалуу үй-бүлөнү курат жана анын уулусун жөнүндө унутуп баштайт. Андан соң, Маршалл өспүрүм кезинде анын атасы менен байланышка чыгыш үчүн ага бир нече кат жазып жөнөтөт. Ал эми атасы каттарга көңүл бурбай аларды ачпай кайра уулусуна жиберет. Жашоону жакшыртуу үчүн Дебора Нельсон дайыма бир калкконуштан (орус. населенный пункт) башка калкконушка көчө берет. Бир нече жылдан кийин ал дагы уулду болот. Жыйынтыкта, Маршалл 12 жашта болгондо Детройт аттуу шаардын чет жакасында жайгашып калышат. Ал учурдагы тааныштар Эминемди “негизинде бактылуу бала, бирок түнт” деп эстеп калышат. Жаңы жердеги жашоо өспүрүмгө көп кыйынчылытарды алып келген. Себеби, Детройтдун жергиликтүү адамдары көбүнчөсү афроамерикалык болгондуктан, күрөң  денелүү (орус. темнокожий) балдар менен тил таппай, алар аны дайыма жинин келтирип сабашкан. Мисал катары, бир жолу 1983 –жылы Де Анжело Бейли деген өспүрүм бала Маршалдын башына абдан катуу чаап берип, ал 10 күн комага жатып калган. Ал учурдагы врачтар Маршаллдын айыгышына дээрлик шанс жок дешкен. 

Биринчи чыгармачылыгы түзөтүү

Маршаллды рэп менен анын бир нече айга улуу жана эң биринчи музыкалык насаатчы болгон тайкеси Ронни Полкхингхорн тааныштырган. Эминем ыраазылык менен мындай деген  “Менин тайкем, чындыгында, эң мыкты досум болчу”. 1987-жылы Ронни жээнисине бир нече кассета  презентациялаган. Анын арасында Ice-T Reckless аттуу кассетасы баланы өтө кызыктырып, рэп жолу менен кетүүгө себеп болгон. Артист: “Шайтан алгыр, мен бул ишке ышкыбозмун!” деп ойлогон. Рэптен тышкары, балага окуяларды жазууну жана колдо жасалган комикстерди тартууну жактырчу[1].

14 жаштагы өспүрүм биринчи рэп-дуэтин анын досу Майк Руби менен бирге ишке ашырган. Ошол эле учурда ал өзүнө “M&M” деген лакап атын (аты – жөнүнүн биринчи тамгаларындан алынган) койуп, кийинчирээк “Эминем”ге өзгөрткөн. Өспүрүмдөр дыйыма официалдуу эмес фристайл жарышууларда катышышкан. Кара MCлердин тарабынан уланып жаткан кол салууларга карабастан (ак өкүлдөрүнүн рэперлери болушу мүмкүн эмес деп ойлошкон) Эминем рэп баттлдарда дайыма ийгиликтүү катышкандыктан, акырындык менен коомдун урмат-сыйына жана кепчүлүккө таанылуу болгон. 

Маалыматтын булагы түзөтүү

[2] [3]

  1. Которулган ырлардын тексти Eminem
  2. Эминем биографиясы
  3. Биографиясы