Энергетиктердин күнү же Энергетиктердин кесиптик майрамы — Бул майрам энергетиктердин жумушу абдан көбөйгөн учурга, жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келет. Майрам 1966-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун токтому менен 1920-жылы Бүткүл Орусиялык Кеңештин сегизинчи съездинде Орусияны электрификациялоо мамлекеттик планын кабыл алуу күнүнө карата кабыл алынган. Бул планга ылайык, Орусия боюнча 20 жылуулук электр көмөк чордондорун жана 10 суу көмөк чордондорун куруу каралган. Анын ичинде үчөө Кыргызстанга курулмак, окумуштуулардын көңүлүн биздин жергебиздеги суулардын көрөңгөсү бурган. 1920-жылдан баштап Кыргызстанда көп эмес кубаттуулуктагы Ош ГЭС-1, Аламүдүн ГЭС, бир канча дизелдик электр станциялар курула баштаган. 1930-жылдарда Нарын дарыясынын бассейни изилдене баштаган. Жыйынтыгы абдан жакшы болуп, дарыяга жалпы кубаттуулугу 5,9дан 7,5 млн киловаттка чейин жыл сайын 30дан 52 млрд кВт/с иштетүү мүмкүнчүлүгү менен 22 каскаддуу ГЭС куруу мүмкүн экендиги аныкталган. Ал эми Кыргыз мамлекетинде Энергетиктердин күнү Өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген. Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Белорусия, Армения, Казакстан жана Украина белгилейт.

Энергетиктердин күнү
Түрү Кесиптик майрам
Официалдык аты Энергетиктердин кесиптик майрамы
ошондой эле орус. День энергетика,
укр. День енергетика,
каз. Энергетiктердын күнi
Белгилешет Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Украина
Майрамдоо 22 декабрь