22 декабрь
22 декабрь — Григорий жылнаамасы боюнча жылдын 356-чы (толук жылда 357-чи) күнү. Жылдын аягына чейин 9 күн бар.
← декабрь → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 | 31 | ||||
2025-ж. |
Майрамдар
түзөтүүДагы караңыз: Категория:22 декабрдагы майрамдар
- Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Украина — Энергетиктердин күнү.
- Украина — Дипломаттык кызматтагы жумушчулардын күнү.
Окуялар
түзөтүүДагы караңыз: Категория:22 декабрдагы окуялар
- 1918 — Я.Логвиненко жетектеген советтик Пишпек полку Беловодск айылындагы козголоңчуларга каршы чабуул коюп баштаган.
- 2009 — Камбар-Ата2 ГЭСинин тосмосун куруу үчүн ири масштабдагы жардыруу болгон.
- 2012 — Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары өздөрү тууралуу "Мекендештер" аттуу тасма тартышып, Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн кинофестивалда тартууланып, мактоого арзыган.
- 2013 — Чүй облусунун Сокулук районунда тоок фабрикасы өрттөнүп, 10 миң тоок күйүп кеткен. Өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа катышкан. Ошондой эле тилсиз жоонун кесепетинен тоок фабрикасынын 900 чарчы метр шыбы күйгөн.
- 1885 — Ито Хиробуми Япониянын биринчи өкмөт башчысы болуп дайындалган.
- 1938 — Африкадагы Чалумна дарыясынан эң байыркы балыктын түрү болгон латимерия балыгы кармалган.
- 1963 — Грекиянын "Лакония" лайнеринде өрт чыгып, кеме чөгүп кеткен. 150 киши көз жумган.
- 1992 — Ливиянын борбору Триполиде Боинг-747 учагы менен МиГ-23 истребители асманда кагышкан. Эки учактагы 157 адамдын баары каза болгон.
- 1997 — Мексиканын Ченало айылынын чиркөөсүндө кылмышкерлер 45 адамды (анын көпчүлүгү балдар жана аялдар) атып салышкан.
Төрөлгөндөр
түзөтүүДагы караңыз: Категория:22 декабрда төрөлгөндөр
- 1858 — Италиялык композитор Жакомо Пуччини төрөлгөн.
- 1878 — Орусиялык окумуштуу Степан Тимошенко төрөлгөн.
- 1937 — Орус жазуучусу Эдуард Успенский төрөлгөн.
- 1947 — Канаданын хоккей боюнча улуттук курамынын машыктыруучусу Дэйв Кинг төрөлгөн.
- 1951 — Коомдук-саясий ишмер Ишенгүл Болжурова төрөлгөн.
- 1958 — Саясий ишмер Өмүрбек Текебаев төрөлгөн.
- 1962 — Англиялык актёр Рэйф Файнс төрөлгөн.
- 1972 — Франциялык актриса, ырчы, модель Ванесса Паради төрөлгөн.
Каза болгондор
түзөтүүДагы караңыз: Категория:22 декабрда каза болгондор
- 1828 — Англиялык физик жана химик Уильям Хайд Волластон каза болгон (188 жыл мурун)
- 1936 — Советтик жазуучу Николай Островский каза болгон.
- 1939 — Америкалык ырчы Ма Рейни каза болгон.
- 2006 — Спорттук гимнастика боюнча СССРдин жана Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Елена Мухина каза болгон.
- 2009 — Журналист Геннадий Павлюк каза болгон.