Энергиянын сакталуу мыйзамы

Энергиянын сакталуу мыйзамы ― табияттын негизги жана жалпы мыйзамы.

Энергиянын, импульстун, кыймыл санынын моментинин жана электр заряддарынын сакталуу мыйзамдары бардык бөлүнгөн системалар үчүн негизги актуалдуу мыйзамдар болуп эсептелет. Мындан тышкары жаратылышта чектелген тутумдардын класстары жана кубулуштары үчүн гана аткарылуучу сакталуу мыйзамдары да бар. XX -кылымдын башында салыштырмалуулуктун атайын теориясынын ачылышына байланыштуу, энергиянын жана массанын сакталуу мыйзамдары түп-тамырынан бери кайра карап чыгылган. Нерсенин кыймылы жарыктын ылдамдыгына жакын ылдамдык менен кыймылдаган учурдан тартып, классикалык (Ньютондук) механика, релятивдик механика менен алмаштырылды. Нерсенин инерция касиети менен аныкталган массасы, анын ылдамдыгына да көз каранды болуп, масса материянын санын гана мүнөздөгөн энергия түшүнүгү да өзгөрүп: толук энергия (Е) массага пропорциялаш Е=mс2. Ошондуктан, салыштырмалуулуктун атайын теориясында Энергиянын сакталуу мыйзамы табигый түрдө классикалык механикада өзүнчө жашап келген массанын жана энергиянын сакталуу мыйзамдарын бириктирди. Сакталуу мыйзамдары элементардык бөлүкчөлөрдү бөлүп караганда да чоң мааниге ээ болот.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4