Энрико Бомбиери (итал. Enrico Bombieri; 1940-жылы 26-ноябрда Миланда туулган) - италиялык математик.

Энрико Бомбиери.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Энрико Бомбиери Жованни Риччинин жетекчилиги менен Милан университетин бүтүргөн. Ph.D. даражасын алган соң, Кембриждеги Тринити-колежге тапшырган. Ал жерде Гаролд Давенпорттун окуучусу болгон. Кийин Каляри университетинде жана Пиза университетинде сабак берген. Андан соң АКШга жер оодарып, ал жакта Нью-Жерси штатынын Принстон шаарындагы Алдыңкы изилдөөлөр институтунда иштей баштаган.

Улуттук деи Линчеи академиясынын (1976), Франциянын илимдер академиясынын (1984), АКШнын Улуттук илимдер академиясынын (1996) мүчөсү.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Энрико Бомбиери сандар теориясы, алгебралык геометрия жана математикалык анлиз жаатындагы эмгектери менен белгилүү. Аналитикалык сандар теориясынын негизги жыйынтыктарынын бири - 1960-жж. далилденген Бомбиери-Виноградов теоремасы болуп эсептелет. Бул теорема арифметикалык прогрессиядагы жөнөкөй сандар жөнүндөгү Дирихле теоремасын корутундулайт.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Math-bio-stub Калып:IT-bio-stub