Эпизод

сюжеттүү чыгармалардагы өзүнчө бир башталышы жана аякталышы бар, ошол эле кезде башка окуялар менен биригип сюжетти түзгөн майда бөлүкчө

Эпизод (грек- башка, тиешесиз) – сюжеттүү чыгармалардагы өзүнчө бир башталышы жана аякталышы бар, ошол эле кезде башка окуялар менен биригип сюжетти түзгөн майда бөлүкчө, чыгармадагы бир учур (момент). Мис., “Ак кеме” повестинде машина -дүкөндүн келиш эпизоду, марал атуу эпизоду жана башка. Чыгармада негизги жана жардамчы эпизоддор болот.
Эпизоддордун көптүгү, жыштыгы боюнча «Манас» дүйнөлүк көркөм маданиятта уникалдуу көрүнүш. Э-дордун арбындыгы чыгарманын көлөмдүүлүгү менен гана аныкталбайт, биринчи кезекте окуя-кырдаалдардын алмашуусу, биримдиги, байланышы зарыл. Э. негизинен жардамчы жана негизги Э-го ажырымдалат. Мисалы, «Чоң казат» бөлүмү Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Жети кан куралып, Манаска кылмак болуп кеңешкени», «Элчилердин Манаска барып учураганы» деген сыяктуу негизги Э-дордон турат да, алардын ичинде да майда, жардамчы Э-дор болот. Манасчылар эл арасына чыгып, «Манас» айтканда мына ушундай негизги Э-дорду айтып, баштап, аны соңуна жеткире айтышкан.

Адабият түзөтүү