Эритразматеринин анча жугуштуу эмес өнөкөт оорусу.
Эритразманы микроскопиялык козу карындарга окшош бактериялар пайда кылат. Алар колтукта, чурайда, эмчек астында мителик кылат. Эритразмага көп тердөө, абанын ысык, нымдуу болушу, өздүк гигиена эрежелерин сактабоо түрткү берет. Эритразмада кызарган так пайда болуп, улам чоңоёт. Балдарда эритразма кездешпейт. Ооруну дарылабаса жылдап созулат, өз алдынча дарылануудан күчөп, сезгенет.

Эмчек алдындагы эритразма.

Дарылоо түзөтүү

Ооруну врач дарылайт. Бирок ооруга түрткү берген шартты жоготпосо эритразма дагы кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан эритразманын алдын алуу үчүн терчилдикти дарылоо, терини таза күтүү керек. Дарылагандан кийин тери бүктөөлөрүн арак же атыр менен сүртүү сунуш кылынат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8