Өздүк гигиена (байыркы грек тилинен ὑγιεινή «соо», ὑγίεια «саламаттык» сөзүнөн) — гигиеналык эрежелер жыйындысы, аны сактоо жана аткаруу адамдын ден соолугун чыңдоого көмөктөшөт.

Гигиеналык шарттар түзөтүү

Акыл эмгеги менен күч эмгегин туура айкалыштыруу, физкультура менен машыгуу, жакшылап, үзгүлтүксүз тамактануу, уйкуну кандыруу бардык курактагы адамдар үчүн зарыл гигиеналык шарттар болуп эсептелет. Кийим-кечекти, турак жайды таза күтүү, ошондой эле тамак-аш даярдоодо гигиеналык талаптарды сактоо зарыл. Адамдын териси негизги сезгич орган. Ал организмдин жылуулук жана газ алмашуусунда катышып, зат алмашуунун акыркы продуктусун, суу буусун, тер, май бөлүп чыгарат. Бөлүнүп чыккан заттар терини дүүлүктүрөт, чаң, тер жана май бездеринин тешикчелерин бүтөп, микроорганизмдер, мите козу карындар булганч териге түшкөндө алардын өсүп өөрчүүсү үчүн ыңгайлуу шартка туш болушат. Дерматит, ириңдүү жана башка тери оорулары мына ушинтип пайда болот. Көбүнчө тырмактын алдында бактериялар көп чогулат, ошондуктан тырмакты таза күтүп, колду дайыма таза жууш керек. Ал эми коомдук тамак-ашта иштегендердин колу дайыма таза болгону зарыл. Өздүк гигиенанын ыкмаларын балдарга жаш кезинен үйрөтүү керек. Тери таза болушу үчүн денени дайыма жылуу суу менен самындап жууш керек.

Теринин нормалары жана гигиена эрежелери түзөтүү

Тери кургак, майлуу же нормада болушу мүмкүн. Ар бир адам өзүнүн терисинин өзгөчөлүктөрүн билип жана аны күтүүдө буларды эске алуу керек (Терини күтүү). Чаңдуу жерде иштегендер жана терчил кишилер күн сайын душка, ошондой эле жумасына бир жолу үйдө же мончодо сууга түшүп, ич кийимди сөзсүз алмаштыруу зарыл.

Дене гигиенасы түзөтүү

Дененин булгануучу жерлери: кол, бет, моюн жана бут кошумча кароого муктаж. Колду бат-бат жууп, бетти жана моюнду эртең менен, уктардын алдында жууган жетиштүү. Бутту жатарда күнүнө, айрыкча жайкысын самындап жуу зарыл. Бутка жакшы карабай койгон учурда териде, буттун манжаларынын ортосунда тер жана кир чогулуп, микроорганизмдер көбөйөт. Ушундан улам ал жерде теринин ириңдүү оорулары жана мите козу карын оорулары пайда болот.

Ооз көңдөйүнүн гигиенасы түзөтүү

Ооз көңдөйүн таза кароо тиштин бүтүн сакталышына гана көмөктөшпөстөн, ички органдардын көптөгөн ооруларын алдын алат. Тишти күн сайын тиш порошок, паста менен жууп туруу жана ар бир тамак ичкен сайын оозду чайкоо керек. Ооздо жаман жыт байкалса врачка кайрылуу зарыл. Гигиеналык пасталар («Мятный», «Апельсиновый») атайын дарылоо-профилактикалык максатта чыгарылат. Тиш щёткалары тиштин жана бүйлөнүн абалына жараша тандалат. Тиштин чириши башталганга чейин тиштеги ташты тазалоо, ооз көңдөйүн дарылоо жана башкалар чараларды көрүү үчүн жылына 2 жолу стоматологго кайрылуу зарыл.

Өндүрүштүе жайлардын гигиенасы түзөтүү

Денени жана ич кийимди, жумушчу кийимди таза кармоо менен бирге турак жай бөлмөлөрүн, ашкана бөлмөсүн, ошондой эле өндүрүштүк жайларды да (Өндүрүштөгү эмгек гигиенасы) таза күтүү зарыл. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн өзүнчө төшөк-орун жана сүлгүсү болушу сунуш кылынат. Күн сайын зарыл болуучу бардык гигиеналык чаралар үй-бүлөдө кимдир бирөөсү ооруган учурларда өзгөчө мааниге ээ, анткени гигиеналык талаптарды сактабоо оорулууну курчаган адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Балдардын организминин туура өсүүсүнө, аба, күн, суу процедуралары, дене тарбия көнүгүүлөрү, кыймылдуу оюндар, жетиштүү тамактануу чоң мааниге ээ (Аба жана күн ваннасы, Физкультура).

Жыныс мүчөнүн гигиенасы түзөтүү

Кыздардын жыныс органдарын таза кармоо өтө зарыл. Ар бир заара ушатып жана заңдагандан кийин кайнатылган суу менен артты карай сылап жууп, таза жумшак чүпүрөк менен аарчыйт. Эгер кызарып калса кайнатылган өсүмдүк майы менен майлап же кургаткыч сепме сээп коюу керек. Балдардын трусылары кыймыл аракетине тоскоол болбой, ыңгайлуу, жыныс органдарын кыспагандай болууга тийиш. Мектеп жашындагы балдар абада көп болуп, физкультурага катышып, сабак окуу менен эс алууну айкалыштыруулары өтө маанилүү. Оор жумуш иштөөдөн, мектепте жана сабак даярдап көпкө отуруудан омурткасы кыйшаюусу, жамбаш сөөктөрү деформациялануусу мүмкүн. Мугалимдер жана ата-энелер балдардын келбетине көңүл буруулары тийиш, ошондой эле балдарда алыстан жана жакындан начар көрүү өөрчүп кетпесине көз салуу зарыл.

Аялдар гигиенасы түзөтүү

Өспүрүм кыздар өздүк гигиенанын жалпы эрежелери менен тааныш болуп, керектүү эрежелерди сактай билүүлөрү зарыл. Аларды акырындап этек кир келишине этият даярдоо керек. Энеси же эжеси, мектептеги медсестра же мугалим кыздарга аял организминин анатомия-физиологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө, жыныс органдардан кан келүү физиологиялык норма экенин түшүндүрүү зарыл (Этек кир). Этек кир келген мезгилде кыздар денени жана ич кийимди таза кармап, гигиеналык эрежелерди сактоого тийиш. Физкультура менен машыгып, бирок секирүү же оор көнүгүүлөрдү жасоого жана мелдештерге катышууга болбойт, душтун алдына гана жуунуу керек. Күнүнө кеминде 2 жолу жыныс органды кайнатылган жылуу суу менен самындап жууп, этек кир келген мезгилде атайын гигиеналык даки же кебез пайдалануу сунуш кылынат. Өспүрүм кыздарга жыныстык тарбия жөнүндө да түшүндүрүү зарыл. Жыныстык катнаштагы аялдар этек кир мезгилинде 2—3 күнгө чейин жыныстык катнашты токтотуу керек, анткени жыныс органдарына инфекция козгогучтары кирип кетүүсү же кан көп келиши мүмкүн. Кош бойлуу аялдар алгачкы 2—3 айда жыныстык катнашууну азайтып, акыркы 2 айда толук токтотуулары зарыл. Ошондой эле төрөгөндөн кийин 6—8 жумага чейин жыныстык катнашууга тыюу салынат. Климакс мезгилинде жалпы гигиена эрежелерин сактап, күнүнө денени суу (36—22°) менен сүртүп, гимнастика жасап, таза абада сейилдөө, туура тамактануу керек. Жылына 2 жолу врач-гинекологго көрүнүп туруу зарыл.

Эркектер гигиенасы түзөтүү

Өспүрүм эркек балдар өздүк гигиенанын ыкмаларын жаш кезинен үйрөнүп, денени, кийимди таза кармоого көнүүлөрү керек. Жыныстык тарбия берүүдө эркек баланы өз сезимин кармай билүүгө, кыздар менен туура көз карашта мамиле кылууга тарбиялоо өтө маанилүү. Ар бир өспүрүм эркек бала жана эркектер жыныс органдарын таза күтүүлөрү зарыл (Организмди чыңдоо, Терини күтүү макалаларын караңыз).

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8