Эркин экономикалык зоналары

Эркин экономикалык зоналары (СЭЗ). СЭЗдер тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүүнүн маанилүү куралы болуп эсептелет.

Эркин экономика зонасы - бул өлкөнүн аймагынын өзгөчө режим менен иштөөчү бир бөлүгү. Дүйнөлүк тажрыйба менен таанышып чыгуу эркин экономикалык зоналар тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн өтө ийкемдүү жана көп кырдуу куралы, инвестицияларды тартуу, чарба структураларын өркүндөтүү экендигин көрсөтөт. Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө эркин зоналардын ар түрдүүчө варианттары иштелип чыккан жана практикада текшерилген. Алардын ар биринин өз милдети жана жашоого укугу бар, аларды жетилген жана жетилген эмес, биротоло же аралык деп бөлүүгө болбойт. Форманы тандап алуу ачык-айкын милдеттердин, стратегиялык долбоорлордун жана программалардын бөтөнчөлүгүнө жараша болот. СЭЗ түзүүнүн себептери жана максаттары ар бир айкын учурда бири-биринен айырмалана алышат. Андайлар дүйнөлүк рынок менен интеграцияны тереңдетүү, иштин же өндүрүш тармактарынын кандайдыр бир түрүн кубаттоо, артта калган региондорду өнүктүрүү, чет өлкөлөрдүн капиталын тартуу болушу мүмкүн.

Зоналарды түзүүнү демейде үч негизги милдет менен байланыштырышат, алар: өнөр жай экспортун стимулдаштыруу; иш менен камсыз кылуунун өсүшү; зоналарды чарба жүргүзүүнүн жаңы методдорун текшерүү боюнча полигонго айландыруу. СЭЗ өлкөнүн экспортун кеңейтүү, кошумча жумуш орундарын түзүү, жаңы ишканаларды түзүү жана жаңы технологияларды ишке киргизүүнүн жардамы менен өлкөнүн өнөр жайын модернизациялоого жардам берүү сыяктуу сезилерлик жетишкендиктерди көрсөтсө да, алар экономикалык өсүштүн проблемаларын же өлкөнү өнүктүрүү маселелерин чечүүнүн кереметтүү каражаты болуп калбагандыгын белгилей кетүү керек.

Көп экспорттук өндүрүштөр аларга жүктөлгөн үмүттөрдү актаган жок же иштери ордунан чыккан жок. СЭЗдин ишинин ордунан чыкпай калышы СЭЗди долбоорлоо этабындагы туура эмес чечимдер жана жайгаша турган жерди начар тандап алуу; электр жана суу менен жабдууну камсыз кылууга жетиштүү көңүл бурбагандык; зонанын администрациясы менен ведомстволордун ортосундагы начар институциялык байланыш; маркетингдик талдоонун (суроо-талаптын жана сунуш кылынып жаткан СЭЗге улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлордун баасынын) жоктугу сыяктуу алгачкы жаңылыш өбөлгөлөр менен көбүрөөк түшүндүрүлөт. Ошондой болсо да, СЭЗ жабык типтеги экономикадан өтө ачык экономикага өтүүгө көмөктөшүүдө негизги ролду ойнойт, жалпысынан өлкөнүн бүткүл экономикасы үчүн «мектеп - лаборатория» болуп эсептелет. СЭЗдин идеалдуу, бардык учурга жарай турган, аларды колдонуу чет өлкөлүк инвесторлордун агымын, өнүгүүнүн кескин ылдамдашын автоматтык түрдө гарантиялай ала турган моделдери болбойт.

Эркин экономикалык зоналардын дүйнөлүк тажрыйбасын изилдөө зоналарды Кыргызстанда түзүү үчүн зор мааниге ээ болгон бир катар практикалык тыянактарды жасоого мүмкүнчүлүк берет. Аймактын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүнүн негизинде зонанын айкын моделин тандап алууну жүргүзүү, колдо болгон шарттарга кыйла ылайыктуу инвестиция режимин түзүү зарыл. Зоналардын продукциясы рыноктун кайсы оюктарын толтура алышын мурдатан аныктоо, ошого жараша инвестициялоонун артыкчылыктуу багыттарын кубаттоо системасын түзүү керек. Ушуга байланыштуу СЭЗдердин ар биринде чет өлкөлүк инвестицияларды пайдалануу процессинде келип чыга турган экономикалык жана социалдык мамилелердин нормативдик, жөнгө салып туруучу негизги аспектилеринин бүтүндөй системасын иштеп чыгуу зарыл. Зонаны өнүктүрүү перспективаларына баа берүү комплекстүү талдоого негизделүүгө тийиш.

Преференциялардын системасы комплекстүү жана дифференциацияланган болууга тийиш, ал зонаны өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү да, узак мөөнөттүү да максаттарын эске алууга тийиш. Зоналардын алдына өтө жогорулатылган, адегенде эле аткарылбай турган максаттарды, мисалы, алдыңкы технологиялык деңгээлге чыгууну коюуга болбойт. Чет өлкөлүк капитал менен кызматташуудан чындыгында эмнени алууга боло тургандыгын билүүгө умтулуу керек. Республика бул жагымдуу мезгилди өзүнүн жыргалчылыгына пайдаланышы жана эл аралык капиталдын бир бөлүгүнүн бизге келиши үчүн шарт түзүшү зарыл. Экономиканы чет өлкөлүк кредиттердин эсебинен өнүктүрүүгө үмүттөнүүнүн кереги жок. Гүлдөп-өсүү жана келечек эл аралык ишкер чөйрөлөрдө экинчи ролдо кала бербестен, миңдеген жаңы өнөктөргө ээ болуу үчүн өзүбүздүн иштин көзүн тааный билишибизге, «кичи жердин» убакыт факторун пайдаланышыбызга жараша болот.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9