"Эр жүрөк жаңы дүйнө" (англ. Brave New World) — Олдос Хакслинин 1931-жылы жазып, 1932-жылы басып чыгарган романы. Лондондо биздин замандын 2540-жылындагы (китепте Форддон кийинки 632-жыл делет) окуяларды чагылдырган роман репродуктивдик технология, уйку маалында окутуу, психологиялык жактан башкаруу жана коомду түп тамырынан өзгөртүү менен айкалышкан классикалык шарттоо тууралуу баяндайт. Хаксли китеп тууралуу өз ой-пикирлерин кайра карап чыгып, "Эр жүрөк жаңы дүйнө кайра карап чыгуу" (1958) дилбаянын жана акыркы романы "Аралды" (1962) жазган.

1999-жылы Modern Library басмаканасы "Эр жүрөк жаңы дүйнөгө" өзүнүн "20-кылымдагы англис тилинде жазылган эң мыкты 100 роман" тизмесинде 4-саптан орун берген. 2003-жылы Роберт Маккрам The Observer гезитиндеги рейтингинде "Эр жүрөк жаңы дүйнөнү" "эң улуу 100 роман" аттуу хронологиялык тизмесинде 53-катарга жайгаштырган. Роман Би-Би-Синин "Эң мыкты 200 китеп" сурамжылоосунда 87-саптан орун алган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү