Эр сайыш — жооокерчилик замандан бери аш-тойлордо ойнолуучу оюн-шоок, баатырлардын жекеме-жеке ат үстүндөгү эрөөлү. Аскердик демократия мезгилинде согуш маселеси негизги орундардын бирин ээлеп, ар кандай пикир келишпеген маселелердин көбү куралдын күчү менен гана чечилген. Натыйжада, аскердик дене тарбия берүү жоокерчилик коомунун негизги талабы болгон.

Эр сайыш

Баатырлардын Э. с-ы согуш мезгилинде гана эмес, атайын эрежеси иштелип чыгып аскердик оюн катары да аш-тойлордо өткөрүлгөн. "Манас" эпосунда :

Күлүктөн тандап минишип,

Күрөөкө тондон кийишип,

Күчү менен тийишип,

Айтканына көнүшсүн

Ажалдуусу өлүшсүн,

Найза колго алышсын,

Арага сайыш салышсын (Сагымбай Орозбаков, 3. 229, 290), — деп эпосто сүрөттөлгөндөй аш-тойлордун шаан-шөкөттөрүнүн бири болгон. Э. с-тын жүрүшүн Көкөтөйдүн ашындагы Манас менен Коңурбайдын сайышынан көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4