ЭСЕНКАНОВ АСАНКАДЫР

Жазуучу Асанкадыр Эсенканов Тянь-Шань районундагы Казан-Куйган айылында 1938-жылы 8-мартта туулган. 1956-жылы Оттук орто мектебин, 1962-жылы КМУнун филология факультетин, 1976-жылы Москвадагы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Эмгек жолун 1956-жылы №53 жылкы заводунда жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1962–1964-жж. Тянь-Шань жана Ат-Башы райондорунун орто мектептеринде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген. 1966-жылдан «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш» гезиттеринде адабий кызматкер, 1969-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин өз кабарчысы, 1971-жылдан «Нарын правдасы» гезитинде бөлүм башчы, 1976-жылдан редактордун орунбасары, 1986-жылдан Нарын облустук сергектик үчүн күрөшүү коомунун башкармасынын орунбасары болгон. Чыгармалары 1958-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи аңгемелер жыйнагы «Табышуу» деген ат менен 1961-жылы чыккан. 1987-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Табышуу: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 53 б.

Менин портретим: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1968. – 76 б.

Ак жаан: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 128 б.