Эсет
Эсет — этноним. "Манас" эпосу боюнча казактардын бир уруусу. Мисалы, Көкчөнүн тегерегиндеги казак бийлери бузукулук кылып, чагым салып, Алмамбетти Көкчөгө ушактаган учурда:
Эсине албай эчтеме
Эр Алмамбет кириптир,
Эшиктеги ак таяк
Эсеттердин бөкөсү,
Эшик ачып ийиптир (Сагымбай Орозбаков, 2. 257), — деп эскерилет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4