Эстеликтер менен тарыхый жайлардын эл аралык күнү

Эстеликтер менен тарыхый жайлардын эл аралык күнү ("Дүйнөлүк мурас күнү") - ар жылы 18-апрелде белгилене турган эл аралык майрам.

ЮНЕСКОнун желеги.

Кыскача таржымакалы түзөтүү

 
Бурана мунарасы - Караханийлер каганаты (10-12-кк.) доорунда курулган Баласагын шаарындагы жамы мечиттин сакталып калган мунарасы. Кыргызстан. 2009-ж.

1983-жылы ЮНЕСКОнун алдында түзүлгөн Эстеликтерди жана саякат жайларын коргоо маселелери боюнча Эл аралык кеңештин Жыйыны (Ассамблеясы) - ИКОМОС (ICOMOS) тарабынан ар жылы 18-апрелде "Эстеликтер менен тарыхый жайлардын эл аралык күнү" белгиленсин деп чечим кабыл алынган.

Бул майрам алгачкы жолу 1984-жылдын 18-апрелинде белгиленген.

Бул майрамдын алкагында ар кыл өлкөлөрдө маданий мурастарды сактоого арналган илимий жана башка коомдук жыйындар өтүп турат.

Айрым музейлер бул күнү тарых ажайыптарын көргүсү келген конокторго өз каалгасын акысыз ачат.

Кээ бир жабык тарыхый имараттарды бул күнү карапайым коноктор да ээн-эркин аралап көрө алышат.

Кыргызстандагы тарыхый жайлар тууралуу кыскача адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү