Эстетикалык табит — турмуш көрүнүштөрү жана искусство чыгармаларындагы асылдык менен көрксүздүктү айрууга, түшүнүүгө адамдын ийкемдүүлүгү.

Ал - узак тарыхый өнүгүүнүн натыйжасы. Эстетикалык табитти тарбиялоодо искусство өзгөчө мааниге ээ. Жаңы мезгилдин эстетикасында 19-кылымга чейин - табит рационалдуубу же иррационалдуубу, акылга же сезимге негизделеби, тубасабы же тарбияланабы, жалпы же жекече касиетке ээби сыяктуу суроолордун айланасында талаш-тартыштар болуп келген. Францияда табит категориясы Н. Буало, Ш. Батте. Ш. Монтескьё, М. Ф. Вольтер ж. б-дын чыгармаларында рационалдуу чечплген.

17-18-кылымдагы англ, эстетикада табит эстетикалык гана эмес. моралдык мааниге да ээ болгон. Д. Юм табитти субъективдүү деп караган («табит жөнүндө талашпайт»). Г. Гегель табит түшүнүгүн универсалдаштырууну сынга алган. Маркстик-лениндик эстетика табитти баалоодо абстракттуу нормативизмди четке кагып, аны адам турмуштун көркөм чыгармачылыгынан, эмгек иш-аракетинен. үй тиричилигинен, жүрүм турумунан ж. б. жагынан көрүнгөн коомду тарыхый маданият деп караган. Табиттин калыптанышы жана өнүгүшү эстетикалык тарбиянын предметин түзөт. Эстетикалык баалоолордун калыптанышына массалык байланыш каражаттары чоң таасир берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.