Эстроген – аялдын жыныс гормондору (эстрадиол, эстриол, эстрон). Энелик безинин фолликуласы, плацента (баланын тону), бир аз бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышы бөлүп чыгарат. Э-де 18 углероддун атому бар. Э. сүт эмүүчүлөрдүн ургаачыларынын жыныс системасынын структурасын жана жыныстык белгилерин өнүктүрүүгө керек. Э-дин эң активдүү гормон – эстрадиол. Бул ургаачылардын гормондору организмде дезокси рибонуклеаза ферментинин активдүүлүгүн жогорулатат жана углеводдун, белоктун, пурин негиздеринин организмде алмашуусуна таасирин тийгизет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү