Эшик чийдин сыртынан каланган кийиз. Адатта, эшиктин баш босогого чейинки сырты ак кийиз менен жабылат. Анын үч тарабынын, эки жагынын жана аягынын жазылыгы 15—18—20—22 см келген жерине түрдүү түстөгү көркөмдүк түшөт. Ага баркут, манат өңдүү баалуу кездемелерди кармагандар бар. Эшик тышка көбүнчө «мүйүз», «кыял», «бадам» өңдүү оюмдар түшөт да, көбүнчө кызыл, кара өңдө берилет. Ал жээк катары аламычталып коюлушу мүмкүн. Анын ордуна кара кийиз эле жээктелген эшик тыштар да болот. Эшик тыштын башына сызмаданбы же эшилген жиптенби боо тагылат. Ал эми мунун кырчоого байлана турган эки четки ичке боосу эшме болот.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)