Ээлигүү, кызыгуу, умтулуу (Влечение) – түрдүү организмдин кандайдыр бир, такай же маал-маалы м-н пайда болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн пайда болгон ээлигүүсү.

Ээлигүү адамдын акыл-эсине (ой-жүгүртүүсү м-н эркине) баш ийбей пайда болуп, инсанды ага түрткөн мотивдер м-н кызыкчылыктардын түрмөгү. Ээлигүү ишке ашышынын формасы м-н багытын аныктайт. Ээлигүү кээде басаңдап, бир объективден экинчи объектиге өтүшү ыктымал. Ээлигүү айрым учурда пикир келишпегендикке алып келип, талаш-тартыш процессинде чечилиши мүмкүн. Адам Ээлигүүнүн формасы ар кыл болгондуктан, аларды формалдык түрдө болсо да бир системага келтирүү кыйынчылыкты пайда кылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8