Ябгу же Йабгу – эрте жана өнүккөн феодализм доорунда Борбордук Азиядагы түрк эл.
Ябгулар 11-кылымда Жуңгарияны, анын чыгыш жана түндүгүрөөк жагындагы аймактарды мекендеген.
Ябгулардын чакан тобу Борбодук Теңир-Тоодо да жашаган. Алардын бир катары кыргыз, казак ж.б. эл менен аралашып сиңип кетишкен. Кыргыздардагы жабагы уругунун ата-теги 11-12-кылымдардагы Ябгу эли болуп эсептелет.
Ислам динин туткан Караханийлерге каршы согушуп турган.

Пайдаланылган адабияттар:
1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.