Яблоновый кырка тоосу Забайкальенин борбордук бөлүгүндө, негизинен Чита областында. Узундугу 650 километр, бийиктиги 1680 метрге чейин. Гранит, кристаллдык сланец, кумдук тектеринен турат; байыркы муз каптоонун издери байкалат. Орто бийик тоо рельефи басымдуу. Капталдарында кызыл карагай, анда- санда көк карагай токою, 1200- 1400 метрден жогору тоо тундрасы ээлейт.

Адабият түзөтүү

Георграфиялык энциклопедиялык сөздүк. Кыргыз совет энциклопедиясынын башкы редакциясы. Фрунзе, 1987.