Үйшүмбай "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Калмак байы. Манас Текес канды жеңгенден кийин, калкына кайрылып, өзүңөр кан көтөрүп алгыла дейт. Ү-ды эл кан бол десе ал макул болбойт (Сагымбай Орозбаков, 2. 46). Көкөтөйдүн ашында Жолойго балбанга түшкөн Кошой аны Ү-дын тоюнда жеңгенин эскерет (Сагымбай Орозбаков, 3. 218).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4