Үйүрмө көлү - Атбашы кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү Үйүрмө өрөөнүнүн төрүндө (ашуусу да бар) жайгашкан.

Үйүрмө көлү
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

3800 м

Аянты

0,21 км²

Көлөмү

0,504 млн км³

Эң терең жери

8 м

Тунуктугу

2 м

Чыккан дарыялар

Үйүрмө

Аянты 0,21 км2, көлөмү 0,504 млн м3, эң терең жери 8 м, тунуктугу 2 м. Деңиз деңг. 3800 м бийиктикте жатат. Морена жалчасы өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Бөгөт көл чанагынан 20–40 м бийик жатат. Моренанын ортосу аркылуу өткөн жыраң м-н суу агып чыгат. Көл кар, мөңгүлөрдөн башталган суулардан куралат. Андан башталган Үйүрмө суусу Атбашы д–на сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2