Үй-бүлө эмгеги – үй чарбасында же үй чарбасы үчүн жасалган жумуш[1]. Эларалык эмгек уюмунун (ЭЭУ) №189 Конвенциясынын «Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" 4-беренесинде ЭЭУнун эң төмөнкү курак жөнүндө №138 конвенциясына[2] жана ЭЭУнун балдар эмгегинин эң начар формалары жөнүндө №182 конвенциясына ылайык[3] үй кызматкерлери үчүн эң төмөнкү курактык чекти белгилөө милдеттенмеси тууралуу айтылат.

ЭЭУнун "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" конвенциянын кабыл алынышынын себептеринин бири - үй эмгегинин алигиче баркталбай, көз жаздымда калып, көбүнчө, кыз-келиндер тарабынан жасалып жаткандыгы. Бул кыз-келиндердин көпчүлүгү мигранттар же турмуш шарты начар коомчулуктардын мүчөлөрү. Алар эмгек жана жумуш менен камсыз болуу жаатында басмырлоого дуушар болушуп, адам укуктары бузулган жосундардын алдында алсыздык кылышат.

Дүйнө жүзүндөгү балдардын үй эмгегине байланыштуу кырдаал түзөтүү

ЭЭУнун 2013-жыл боюнча берген маалыматына ылайык, жалпы үй кызматчыларынын 30% жаш балдар түзөт. Үй кызматчы катарында эмгектенген жаш жетелектердин саны жалпы жонунан 15,5 млн түзсө, алардын 6,5 млн. 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Үй кызматчы балдардын 71% ашууну – кыздар[4].

Кыргызстандагы балдардын үй эмгеги түзөтүү

Балдардын үй эмгегинин мыйзам чыгаруу алкагы. Кыргызстан 1992-жылы 31-мартта ЭЭУнун эң төмөнкү курак жөнүндө №138 конвенциясын жана 2004-жылы 10-майда балдардын эмгегинин эң начар формалары жөнүндө №182 конвенциясын ратификациялаган. ЭЭУнун үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө №189 конвенциясы Кыргызстанда ратификацияланган эмес[5].

Балдардын эмгегине байланыштуу эларалык конвенцияларды жүзөгө ашыруунун мыйзам чыгаруучулук негизин түптөгөн негизги укуктук-ченемдик актылар төмөнкүлөр болуп эсептелет:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында балдардын эмгегин пайдаланууну жана анын эң начар формаларын түп-тамырынан жоюу жаатындагы эларалык стандарттар камтылат. Тактап айтканда: балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салуу, иштөөгө уруксат бериле турган балдардын эң төмөнкү курактык чеги (16 жаштан баштап жана белгилүү бир эмгектин түрлөрү үчүн ата-эненин уруксаты менен 14 жаштан баштап); жашы жетелектердин жумушунун узактыгы; тыюу салынган жумуштардын түрлөрү (алардын катарында зомбулук менен коштолгон, ден-соолукка зыян келтириши мүмкүн болгон жумуштар). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында терминдер учур талабына ылайык туура колдонулгандыгына карабастан, алар дале жетишсиз, айрыкча, үй эмгегине байланыштуу маселелерди кароодо дароо байкалат (үй эмгегине тыюу салган чектерди белгилөөдө).

Кыргызстанда үй эмгегине аралашкан балдардын көбөйүшү (2007-2014-жж.) түзөтүү

Кыргызстандагы балдар эмгегин изилдөө иштери КРнын Улуттук статистикалык комитети жана Эларалык эмгек уюму тарабынан 2007-[6] жана 2014-[7] жж. жүргүзүлгөн. Үй оокатын жасаган балдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 5,5% азайган. Үй оокатына аралашкан кыздар менен эркек балдардын гендердик теңсалмаксыздыгы эки изилдөөдө тең байкалган: 2007-жылы (эркек балдар 59,6%, ал эми кыздар 78,1% түзгөн) жана 2014-жылы (эркек балдар 55,5% жана кыздар 71,3%). Үй оокатына аралашкан бардык курактагы балдардын ичинен кыздар көптүк кылат (2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөө ишинде 5 жашка чейинки курактык топту кошпогондо). 2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында, үй эмгегин бөлүштүрүүдө мындай гендердик теңсалмаксыздык шаар жана айыл жергесинде да кездешери маалым болгон. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү нерсе, шаардык кыздарга караганда айылдык кыздар үй эмгегине көбүрөөк жана эртерээк аралаша баштайт (6-13 курактык топто айылдык кыздар 74,2% жана шаардык кыздар 64,5%).

Кыргызстандагы үй эмгегине аралашкан балдардын гендердик өзгөчөлүктөрү түзөтүү

2014-жылы иштеген балдардын үстүнөн жүргүзүлгөн улуттук изилдөө ишинин натыйжалары боюнча, үй оокатына аралашкан балдардын саны чөлкөмдөр боюнча аябай жогору болгон (1-сүрөттү караңыз). Балдарды үй оокатына аралаштыруунун эң жогорку көрсөткүчү Нарын дубанына (73,2%) жана Ошко (71,0%) таандык болгон. Үй оокатына аралашкан балдардын эң аз көрсөткүчү Жжалал-Абадда (57,3%) болгон.

Бардык эле чөлкөмдөрдө үй оокатына аралашкан балдардын арасында кыздар көптүк кылбайт. Алсак, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл дубандарында кыздар 7-8% көбүрөөк. Ал эми Нарын дубаны менен Бишкек шаарында үй оокатына эркек балдар көбүрөөк аралашат (3-5%).

Орто эсеп менен, 5-7 жаштагы балдар үй оокатын жасоого жумасына 10,0 саат бөлүшөт. Кыздар үй оокатын жасоого жумасына эркек балдарга салыштырмалуу 2,4 саатка көбүрөөк, ал эми 16-17 жаш курактык топто 4,5 саатка көбүрөөк убакыт бөлүшөт. Ушул жерден айта кетчү нерсе, балдар, көбүнесе кыздар жасаган үй оокатынын 0,4% балдардын ден-соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн, себеби алар үйдө жумасына 36 сааттан көбүрөөк убакыт иштешет.

Жумасына 12 сааттан көбүрөөк иштеген балдардын ичинен эркектерге (38,9%) караганда кыздар (24,2%) 1,5 эсеге көбүрөөк. Мындай көрүнүш бардык курактык топторго мүнөздүү.

Мектепке барган балдардын көпчүлүгү (62,1%) үй оокатын мектептен келгенден кийин жасашат, 27,2% - мектепке чейин жана кийин жана аз сандагы балдар (4,9%) мектепке чейин. Сабакка барбай үй оокатын жасаган балдар да аныкталды (1% чейин). Бул көрсөткүч боюнча курагына жана жынысына жараша статистикалык мааниге ээ айырмачылыктар байкалган жок.

Кыздар менен эркек балдардын ортосунда үй окатынын түрлөрүн жасоодо чоң гендердик айырма бар. Ушул айырмачылыктардын негизинде үй оокаты эркек балдар менен кыздардын ортосунда салттуу гендердик үлгүлөр боюнча бөлүштүрүлө тургандыгы даана байкалат:

  • кыздар көбүнчө идиш-аяк жууп, үй жыйнап, кир жууп, тамак жасап, бөбөктөрүн, кары-картаңдарды же ооруп калгандарды карашса;
  • эркек балдар болсо кандайдыр бир шайманды оңдоп-түзөө менен алектенишет;
  • үйгө кандайдыр бир нерсе сатып келүүдө кыздар менен эркек балдардын ортосунда эч кандай гендердик айырмачылык жок.

Үй жумуштарын жасоодо гендердик айырмачылыктар шаардык да, айылдык да балдардын ортосунда бар, бирок айылдыктарда даана көрүнөт.

Эскертмелер түзөтүү

  1. Молчанова Е. Оказание психологической помощи женщинам, пострадавшим от сексуального насилия (в печати).
  2. Кененирээк маалымат: Эларалык эмгек уюмунун №189 конвенциясынын "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" 1-беренеси 2011-жылдын 16-июнунда Женева шаарында кабыл алынган.
  3. ЭЭУнун "Эң төмөнкү курак жөнүндө" №138 конвенциясы (Женева, 1973-жылдын 26-июну).
  4. ЭЭУнун "Балдар эмгегинин эң начар формалары жөнүндө" №182 конвенциясы. 1999-жылы кабыл алынган. (Женева, 1-июнь 1999-жыл).
  5. ЭЭУнун "Үй жумуштарында балдардын эмгегин пайдаланууну түп-тамырынан жоюу" доклады [Электрондук версия]: URL: http://www.un.org/.../...19730#.VtvJr1XtlHw(жеткиликсиз шилтеме)
  6. Кыргызстан ратификациялаган ЭЭУнун конвенцияларынын тизмеси төмөнкү даректе жайгашкан: http://www.ilo.org/dyn/normlex/en/...: COUNTRY_ID:103529
  7. Кыргызстандагы иштеген балдар: 2007-жылы балдар эмгегин изилдөөнүн натыйжалары/ЭЭУ/КРнын УСК – Бишкек, 2009.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси түзөтүү

  • 1. Эларалык эмгек уюмунун №189 "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" конвенциясы 2011-жылдын 16-июнунда Женева шаарында кабыл алынган.
  • 2. ЭЭУнун "Балдар эмгегинин эң начар формалары жөнүндө" №182 конвенциясы. 1999-жылы кабыл алынган. Эларалык эмгек уюмунун Башкы конференциясынын 87-сессиясында кабыл алынган (Женева, 1999-жыл, 1-июнь).
  • 3. ЭЭУнун "Эң төмөнкү курак жөнүндө" №138 конвенциясы (Женева, 1973-жылдын 26-июну).
  • 4. ЭЭУнун "Үй жумуштарында балдардын эмгегин пайдаланууну түп-тамырынан жоюу" доклады: [Электрондук версия]. URL: http://www.un.org/.../story.asp?NewsID=19730#.VtvJr1XtlHw(жеткиликсиз шилтеме)
  • 5. [Электрондук ресурс]: URL: http://www.ilo.org/wcmsp5/groups/public/---ed_norm/---normes/documents/normativeinstrument/wcms_c189_ru.htm
  • 6. Кыргызстандагы иштеген балдар: 2007-жылы балдар эмгегин изилдөөнүн натыйжалары/ЭЭУ/КРнын УСК – Бишкек, 2009. [Макаланын электрондук версиясы]. http://www.ilo.org/wcmsp5/groups/public/---europe/---ro-geneva/---sro-moscow/documents/publication/wcms_308716.pdf
  • 7. Кыргыз Республикасындагы иштеген балдар. 2014-жылы балдар эмгегин изилдөөнүн натыйжалары / Л.К. Илибезова, М.Аблезова, Э.К. Илибезова, Е.И. Карпович, О.А. Коржова / КРнын УСК жана ЭЭУ. – Бишкек, 2016 [басылууда].