Үй жылытуу — жылдын суук мезгилинде имараттын ичиндеги аба температурасын керектүү абалда кармап туруучу түзүлүш.
Имараттын ичинде жагымдуу температуралык шарт түзүү гигиеналык мааниге ээ, анткени имараттын ичи өтө ысып же муздап кетсе организмдин жылуулук тең салмактуулугу бузулат. Ичи муздак имараттарда адам үшүп, түрдүү оорулар пайда болот. Өтө ысык имаратта жылуулук алмашуу бузулуп, адамдын башы ооруйт, эмгекке жарамдуулугу төмөндөйт. Абанын нымдуулугу жана кыймылы адамдын абалына бир топ таасир тийгизет.

Түрлөрү түзөтүү

Үй жылытуу үчүн жергиликтүү же борбордошкон жылытуу системалары колдонулат. Негизииен суу, аба, буу менен ысытылат. Жергиликтүү системага меш менен жылытуу (көбүнчө көмүр, жыгач, торф жагуу менен); борбордошкон системага төмөнкү басымдагы суу менен жылытуу кирет. "Жылытууда негизинен төмөнкү гигиеналык талаптарды аткаруу: имараттын-ичинде эң ылайыктуу микроклиматты (бөлмөнүн температурасы 18—22°, абанын салыштырма нымдуулугу 35—45%, аба кыймылынын ылдамдыгы 0,1 — 0,3 м/сек) жана жетишерлик туруктуу ички температураны түзүү зарыл. Меш менен жылытууда сутка ичинде температуранын өзгөрүшү 6°тан, ал эми борбордошкон жылытууда 3°тан ашпоосу керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8