Үй сатылат (орус. Продается дом, англ. Home for Sale) — Режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин социалдык драма жанрындагы көркөм тасмасы. Тасма 2022-жылы «Оскар» киносыйлыгынын «Эл аралык мыкты тасма» наамына Кыргызстандын атынан көрсөтүлгөн[1], Ал эми каармандардын бири Калипа Таштанова «Коркут Ата» фестивалында «Эң мыкты актриса» наамын алган.

Үй сатылат
орус. Продается дом
англ. Home for Sale
Жанры

Социалдык драма

Режиссёру

Таалайбек Кулмендеев

Продюсери

Таалайбек Кулмендеев

Сценарийдин
автору

Болсунбек Таалайбек уулу
Таалайбек Кулмендеев

Башкы ролдордо

Өмүрбек Нурдинов
Калипа Таштанова
Азиз Мурадилаев

Оператору

Болсунбек Таалайбек уулу

Композитору

Мурзалы Жеенбаев

Кинокомпания

Кыргызфильм
Shaboto film group

Узактыгы

82 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2022

IMDb

ID 22269066

2023-жылдын 23-мартынан тарта баардык кинотеатрларда бет ачары болгон. Т. Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын базасында жана "Shaboto film group" студиясы менен бирге ишке ашырылган. Тасманын дүйнөлүк бетачары Пусан Эл аралык фестивалында өтүп[2], Лос-Анжелестеги Азиянын Дүйнөлүк фестивалында, Бурсадагы Түрк дүйнөсүнүн Коркут Ата, ошондой эле Дакка, Калькутта, Мумбай Эл аралык фестивалдарына катышкан[3].

Тасмада Өмүрбек Нурдинов, Калипа Таштанова, Азиз Мурадилаев башкы ролду жараткан.

Мазмуну түзөтүү

Жупуну жашаган, үч жаштагы кызын тарбиялап жаткан жаш үй-бүлөнүн окуясы чагылдырылат. Алар экинчи перзентин күтүп жатышкан болот. Жубайлардын жашоосу макулдашылбаган аракеттерден улам кескин өзгөрүп кетет[4].

Жолдошунун чакан бизнеси үй-бүлөнү туңгуюкка алып барат: чет өлкөгө жиберилген товар чек арадан жоголуп кетет. Кредитти жабуу үчүн жолдошу туугандарынан акча алып, анын ордуна жаңы төрөлгөн баласын берүүнү убадалайт. Ошол эле учурда аялы чет өлкөгө иштеп келүү үчүн, боюнан алдырат[5] .

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
Өмүрбек Нурдинов Дамир Чолпондун күйөөсү Дамир
Калипа Таштанова Чолпон Дамирдин аялы Чолпон
Акылбек Мураталиев
Азиз Мурадилаев

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. "Оскар" сыйлыгына Кыргызстандан "Үй сатылат" тасмасы көрсөтүлдү. Кактус Медиа. Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2024.
  2. Кыргызстанский фильм «Продаётся дом» отобран на кинофестиваль в Пусане. Asia TV. Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2024.
  3. «Үй сатылат» тасмасы Даккадагы эл аралык фестивалга катышат. Reporter.kg. Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2024.
  4. Кыргызстан выдвинул на «Оскар» фильм «Продаётся дом». Мир. Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2024.
  5. Кыргызстан выбрал киноленту, которую отправит на соискание премии "Оскар". 24.KG (25.09.2022). Текшерилген күнү 25 -сентябрь (аяк оона) 2022.

Шилтемелер түзөтүү