Үлгү (техника) - шаблон - даярдалган буюмдардын формасынын тууралыгын текшерүүчү жасалга, аспап; тетиктерди бирдей жасоо үчүн колдонулуучу буюм.

Үлгү радиустуу жана сайлуу болуп бөлүнөт. Радиустуу Үлгү - машина тетиктеринин ж. б. буюмдардын томпок жана иймек беттеринин ийрилик радиусун текшерүүчү аспап. Анын калыңдыгы 0,5-1 мм, учтары иймек же томпок ийилген болот пластинкадан жасалат. Ийрилик радиусу 1-25 мм. Тетиктин ийрилик радиусу Үлгү беттештирилип текшерилет. Сайлуу Үлгү - машина тетиктеринин ж. б. буюмдардын сайынын кадамын жана профиль түспөлүнүн (профилинин) бурчун аныктагыч аспап. Ал сайдын ок профили боюнча жасалган, калыңдыгы 0,5-1 мм тиштүү болот пластинкадан турат. Үлгүнүн тиштери текшерилүүчү сайдын чуңкурларына киргизилип, алардын бир бирине тыгыз беттешүү даражасы боюнча сайдын тактыгы аныкталат. Үлгү куюу өндүрүшүндө модель комплектинин элементи - текшерүүчү бети так профилденген жасалга

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4