Үмүт мөңгүсүЖетим кырка тоосунун түш. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,8 км, аянты 3,0 км2. Чоң Нарын суусунун оң куймалары Чоң Төр жана Кичи Корумду сууларынын аралыгындагы өзөндүн төрүндө жайгашкан. Мөңгү тоонун кырынан башталып, адегенде чыгышты, андан түштүк батышты карай дого сымал ийилип жатат. Башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3920 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4330 м. Абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүдөн башталган өзөн Чоң Нарынга оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги айрым шилтемелер түзөтүү