Үмөталиева Бейшегүл Жакшылыковна

Үмөталиева Бейшегүл Жакшылыковна (1922-жылы Фрунзе) - кыргыз совет тилчиси, филология илимдеринин кандидаты (1953), профессор (1972). Эл агартуу отличниги (1966).

  • Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим (1968),




дыйкандын кызы.
  • 1940жылдан КПСС мүчөсү.
  • КМПИнин кыргыз тили жана адабият факультетин бүткөн (1943), 1942-жылдан КМПИнин, 1951-жылдан КМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын мугалими, доценти (1956-1972), деканы (1962), кафедра башчысы (1958-1959-жылдары кыргыз тил илими кафедрасынын, 1970-1971-жылдары китепкана таануу жана библиография кафедрасынын), Кыргыз ССР элге билим берүү министрине орун басар (1950-1952), Кыргыз совет энциклопедиясынын башкы редакторуна орун басар (1971-1973).

1973-жылдан КМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын профессору. Үмөталиева - 3-4-класстар үчүн кыргыз тили боюнча окуу китептин автору, жогорку окуу жайларга арналган «Кыргыз тилинин грамматикасынын» (морфологиясынын, 1964) авторлорунун бири.

80дей публицистикалык жана илимий-меходикалык макала жазган. «Эмгек Кызыл Туу ордени» (1971), «Элдердин достугу ордени» (1982), «Эмгектин артыкчылыгы үчүн медалы» (1951) 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941- 1945-жылдары Улуу Ата мекендик согуштун жеңишине 30 жыл» деген юбилейлик медалдар менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары жана Грамотасы менен сыйланган.

Үч жолу Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаардык кеңешине депутат болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9