Үркөр, элек жылдыз — чачыранды жайгашкан топ жылдыз. Түнкү асманда "үркүп чыккандай болуп өзгөчөлөнүп турат; башка жылдыздар тобуна караганда асмандан жайдын ортосунан келерки жайдын башталышына чейин даана көрүнөт. Жай чилдесинде бул топ жылдыз горизонттон бир аз жогору таң атарда гана көрүнөт (Аяк оонада Ү. таң менен кошо чыгат); жайдын аягында Ү. таң алдында чыгып, шүүдүрүм түшүп, жер салкындайт; күзүндө Ү. горизонттон бийиктеп (Ү. төбөгө келип калыптыр), түн бир кыйла узарат; кыш ортологондо Ү. төбөгө келет. Жаз айларында Ү. батыш тараптан көрүнөт, жайында жана күзүндө Ү. чыгыштан чыгат. Кыргыздар Ү-дүн батыш тараптагы горизонтко жакындаганынан жаздын келгенин билишкен (Үркөр жерге түшпөй жер кызыбайт). Кыргыз эли Ү. менен Айдын абалы боюнча жылдын гана эмес, айдын да кандай болорун аныкташкан. "Манас" эпосунда да айрым каармандар жакынкы арада алдыда боло турган окуялардын эмне менен бүтөрүн жылдыздарга, алардын ичинен Ү-гө карап, так айта алышкан. Мисалы, Манас баатыр Бээжинге аттанып, кытай чегине жеткенде Алмамбетке:

Кечээги күнү кечинде,

Элим түшүп эсиме,

Эшикке чыгып карасам,

Жетиген кетти желкеге,

Үркөрдү көрдүм кутпудан

Үмүтүм үздүм журтуман (Сагымбай Орозбаков, 4. 207), — деп кайрылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4