Үртүк – ат жабуу. Чоң байгеге чабылуучу күлүктөргө жана жорголорго, көчүп бараткан кыз-келиндердин аттарына жабылган. Үртүк ичке ийрилген жүндөн терме, беш кеште, кажары түрүндө согулуп же кымбат баалуу жердиктен (абайыдан) жасалган. Үртүктүн ичи жука кийиз менен ичтелип, четтери саймаланат же оюм түшүрүлөт. Учу кыргакталып, чачыланып, шуру, бермет тагылып көркөмдөлгөн. Аттын мойнун, көкүрөгүн ороп, капталы жана соорусун жаап турат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков.