Үчсейит чокусуФергана тоо тизмегинин эң бийик жери. Чоку анын Үчсейит тармагында жайгашкан. Бийиктиги 4693 м. Мөңгүлүү. Чокудан төмөн Каракулжа суусу башталат. Юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук тектеринен турат.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2