Үч-Арал
Үч-Арал — топоним. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Алтайга сүрүлгөн кыргыздар кайра Ала-Тоого көчкөндө Өгүз-Ашуу, Тай-Ашууну ашып, Үч-Арал аркылуу өтөт. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Алтайга сүрүлүп келген Жакып Үч-Аралды жайлап туруп калат. Эки вариантта тең Үч-Арал Иленин башында деп сүрөттөлөт. Чынында да мындай малга жайыт жерлер ошол Иленин башы Күнөстүн жайык саздак өрөөнүнө мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 2-т. - 440 б. ISBN 5-89750-035-5