Үч-Көл тоосу - Борбордук Теңир-Тоодо.

Сары-жаз суусунун оң куймалары Үчкөл, Ак-шыйрак сууларын бөлүп турат. Уз. 50 км, туурасы 12 км. Орт. бийикт. 4220 м, эң бийик чокусу 4384 м. Негизинен палеозойдо пайда болгон акиташ, сланец, чопо ж. б. Чөкмө тоо тектерден турат. Аларды порфирит, гранит интрузиялары жиреп чыккан. Тектон. терең жаракалар м-н тилмеленген. Суу боюндагы ойдундарда, өрөөндөрдө неогендин чөкмөлөрү бар. Рельефи б-ча асимметриялык түзүлүштө, түн. капталы тик, түштүгү тайпак. Тоонун түш. (күнгөй) капталы боз топурактуу, шыбак, бетеге, өлөң чөп өсөт. Түн. капталы таштак, чыгыш, түн.-чыгыш тарапка караган беттеринде айгыр жыгар өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2