Өзбек кызы (тасма)
«Өзбек кызы» (өзб. O’zbek Qizi) — Өзбекстандык режиссёр Акбар Бектурдыевдин Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Кызыл Армиянын снайпер кызы тууралуу аскердик фантастикалык драмасы. Өзбекстандагы 2023-жылдын мыкты тасмасы.
Өзбек кызы
| |
өзб. O'zbek Qizi | |
Жанры |
Аскердик драма |
---|---|
Режиссёру |
Акбар Бектурдыев |
Продюсери |
Фирдавс Абдухаликов |
Сценарийдин автору |
Бахтиёр Абдугафур |
Башкы ролдордо |
Айсенем Юсупова |
Оператору |
Хусан Алижанов |
Композитору |
Убайдулло Каримов |
Узактыгы |
121 мүнөт |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы |
Тасма Cinema of Central Asia кинокомпаниясы тарабынан тартылган. Бул «Беларусфильм» жана «Өзбекстандын кинематография агентствасы» студиясы менен биргелешкен долбоору.
Тартылышы жана бетачары
түзөтүүБашкы каарман Жамиланын прототиби советтик снайпер Зиба Ганиева болгон, бирок тасманын экинчи режиссеру Бахриддин Айназаровдун айтымында, снайпер Жамийла Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жүздөгөн аялдардын жамааттык образы . Съёмка башталганга чейин башкы ролду ойногон Айсенем Юсупова кол кармашуу ыкмаларын өздөштүрүп, тилкелүү куралдарды жана снайпердик мылтыкты өздөштүрүү керек болгон. Ал эми сүйүктүүсүн ойногон Йигитали Мамажанов немис тилин үйрөнгөн.
Тартуу иштеринин басымдуу бөлүгү Беларуста:«Забродье» музей-мүлкүндө жана Беларусь токойлорунда өткөн[1]. Тасманы тартуу иштери аяктаганы 2023-жылдын январь айынын башында жарыяланган[2]. Тасманын бет ачары Ташкентте 2023-жылдын 9-майында болгон. Бүткүл республика боюнча көрүүчүлөр аскердик драманы көрө алышкан – ал бир эле убакта 14 телеканал аркылуу көрсөтүлгөн[3]. Санкт-Петербургда тасма 2023-жылдын июнь айында өтүүчү өзбек киносунун күндөрүнүн алкагында көрсөтүлгөн[4]. Өзбекстанда тасма XV Эл аралык Ташкент кинофестивалынын алкагында 29-сентябрда чоң экранда көрсөтүп берилген[5].
Мазмуну
түзөтүүОк атуу мектебинин бүтүрүүчүсү, 18 жаштагы снайпер Жамийла (Айсенем Юсупова) ыктыярчы катары Белоруссияга Калинин фронтуна келет, анткени ал сүйүктүүсү бул жерде кызмат өтөп жатканын билет. Жамийла күжүрмөн даярдыктан өтүп, отко чөмүлтүлөт. Ал бардык кыйынчылыктарга тайманбастан чыдап, эрдик менен салгылашып, мыкты снайперлердин катарына кирет, бирок жарадар болуп, немецтердин колуна түшүп калат. Жамиляны сүйүктүүсү (Йигитали Мамажанов) таап алат, ал үч тараптуу агент жана нацисттик линиянын артында жашыруун иштейт. Ал Жамиляны куткарып, машина менен токой аркылуу алып барат, бирок аларды белорус партизандары токтотуп калышат.
Тартуучу топ
түзөтүү- Режиссер — Акбар Бектурдыев
- Экинчи режиссер — Бахриддин Айназаров
- Башкы продюсер — Фирдавс Абдухаликов
- Продюсер — Феруза Бектурдыева
- Операторлор — Акмал Саидов жана Виталий Григорьевич
- Койгон сүрөтчү — Хусан Алижонов жана Максим Куровский
Каармандарда
түзөтүү- Айсенем Юсупова — Жамиля Кадырова
- Йигитали Мамажанов — Рустам Алимов
- Олег Тактаров — Новгородов
- Александр Ильин — Никонов
- Андрей Олифиренко — Романенко
- Сергей Лапаницын — Громов
- Елизавета Шукова — Ася Кулик
- Милана Иванова — Людмила
- Александра Алексеева — Фира Абрамзон
- Зулхумор Муминова — Мастура эже
- Мухаммадисо Абдулхайров — Төрага
- Евгений Ивкович — Оскар Пауль Дирлевангер
- Валерий Шушкевич — Хомич
- Анатолий Голуб — Захарьев
- Виктор Молчан — Осипов
- Юлиана Михневич — Наталья
- Артем Курен — Глушко
- Арсений Врагов — Шаруба
- Олег Ткачев — милиционер
Наамдары жана сыйлыктары
түзөтүүАйсенам Юсупова 2023-жылдын августунда « Лендок » киностудиясы тарабынан Санкт-Петербургда өткөн IV Lendoc кинофестивалында «Өзбек кызы» тасмасындагы эмгеги үчүн «Эң мыкты актриса» номинациясынын лауреаты болгон[6]. “Жылдын мыкты тасмасы”, “Мыкты грим”, “Мыкты сүрөтчү” номинациялары боюнча “Олтин Хумо”-2023 улуттук киносыйлыгынын жеңүүчүсү[7].
Кабыл алуу
түзөтүүАвтор Шамшетдин Ибраимовдун «Чыгыш искусствосу жана маданияты» илимий-методикалык журналы үчүн жазган «Фильмда тасвирий ечим масалеси» («Тасмадагы көркөм өнөр маселелери») - деген макаласында акыркы жылдары Өзбекстанда тартылган бир катар тасмалар, анын ичинде «Өзбек кызы» улуттук экран өнөрүн жаңылоо идеясынын үлгүсү болуп саналат, анда эң маанилүү чыгармалар жана тарыхый образдар берилген.
Белорусь өлкөсүнүн CTV телекомпаниясы тарабынан тасманы тартуу боюнча аныктама сында белгиленгендей, тасманын үстүндө өзбек жана беларусь кино дүйнөсүнүн мыкты адистери иштешкен. Ошол эле учурда тасманын жаратуучулары Голливуддук эффектке жетүү үчүн аракет кылышкан эмес - алар чындыкка таянышкан. "Согуш жөнүндө эң чынчыл тасма" деп айтылат билдирүүдө[8].
Булактар
түзөтүү- ↑ История девушки-снайпера в годы ВОВ: съемки фильма «Узбечка» завершились в Беларуси (орусча).
- ↑ Завершились съемки художественного фильма «Узбечка» (өзб.).
- ↑ В Ташкенте состоялась премьера фильма о снайпере-азербайджанке «Узбечка» (Фото) (орусча).
- ↑ "Дни узбекского кино" в Санкт-Петербурге 22-25 июня 2023 - Фильм "Узбечка" / События на TimePad.ru (орусча).
- ↑ Программа Ташкентского международного кинофестиваля (орусча). Текшерилген күнү 15 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 2 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
- ↑ Информация_5.
- ↑ “Oltin humo” milliy kinotaqdimoti o‘tkazildi.
- ↑ Новый фильм «Узбечка» снимают в Беларуси. (орусча).