Өзгөчө физикалык касиеттүү куймалар
Өзгөчө физикалык касиеттүү куймалар — физ., физика-химиялык жана мех. касиеттери өзгөчө айкалышкан. өзгөчө магниттүү, электр жылуулук жанa серпилгич касиеттерге ээ металл куймалары.
- Металлдардын хим. составы абдан такталып, зыяндуу кошунду жок жанa тийиштүү структурада гана болгондо куйманын өзгөчө касиеттери камсыз кылынат. Бул куймалардын көпчүлүгүнүн түп негизи катары Fe, Mi, Со, Си, Nb ж. 6i металлдар алынат.
- Өзгөчө физикалык касиеттүү куймаларда температура, магнит, электр талаалары жана мех. күчтөн өзгөргөндө да физ. параметрлерин эң аз өзгөрткөн куймалар (инвар, эливар, манганин, Константин, перминвар) өзгөчө орунду ээлейт. Сырткы шарттар өзгөргөндө физикалык параметрлерин өтө езгерткен куймалар да (пермаллой, алюмель. хромель, копель, магнит-стрикциялык материалдар, термобиметаллдар) маанилүү болот. Булардан башка да бул куймаларга өтө өткөрүмдүү, каала- гандай физ. параметрлүү (ковар. платинит, фернино) ж-a агрессивдуу чейреде өз касиеттерин жакшы сактаган куймалар кирет.
- Бул куймалар өзгөчө сезгич приборлор менен установкаларды, ар түрдүү билдиргичтерди жанa өзгөчөлүктөрдү жасоодо, телекөрсөткүчтө, радио кабылдагычтарда, сааттарда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.