Өздүк функциялар
Өздүк функциялар — матем. анализиндеги түшүнүк. Матем. физиканын көп маселесин (термелүү теориясында, жылуулук өткорүүчүлүктө ж. б.) чыгарууда четтик шарттарды канааттандыруучу бир өңчөй сызыктуу дифференциал L(у)=Ху теңдеменин нөлгө теңдеш барабар эмес чыгарылышын табуу талап кылынат.
Мындай чыгарылыш Өздүк функциялар маселеси деп аталат, ал эми ал чыгарылышка туура келүүчү А, маанилери өздүк маанилер делинет. Эгерде четтик шарттарга туура келүүчү дифференциал теңдеме өзүнө тутумдаш болсо, анда анын өздүк маанилери чыныгы, ал эми ар кандай өздүк маанилерге туура келүүчү Өздүк функциялар ортогоналдуу болот. Өздүк функцияларды сызыктуу функциялык мейкиндиктердеги сызыктуу операторлордун өздук векторлору катары да аныктоого болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|