Өзү Жүктөгүч — жүктү чукул аралыкка ташууда, жүктөөдө, түшүрүүдө мезгилдүү же үзгүлтүксүз иштөөчү машина.

Ал кампаларда, иш­кана аймагында, цехтерде, порттордо жана башкада колдонулат. Ал айрылуу кармагыч, чөмүч, тайпагай жыгач, челек, таңгактар (пакеттер) үчүн атайы кармагыч ж. б. менен жабдылат.

Өзү Жүктөгүч авто-жүктөгүч жанa электр-жүктөгүч болуп бөлүнөт. Эл чарбасынын түрдүү тармактарында атайы Өзү Жүктөгүч колдонулат. Мис., тоо-кен өнөр жайында тоо тектерин транспорттоочу, өнөр жайда, айыл чарбада кызылча жана башкаларды жүктөгүч.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.