Өкүргөн-Көл - Ички Теңир-Тоодогу тоо көлү. Жетим-Бел кырка тоосунун түштүк капталындагы Тарагай суусунун он куймасы Өкүргөн суусунун алабынан 3628 м бийиктиктен орун алган. Аянты 1,15 км2. Төрдөгү чакан 4 мөңгүдөн куралган Сары-Төр өзөнү көлдү толуктап турат. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен пайда болуп, мореналар менен бөгөлгөн чункурда жайгашкан. Андан агып чыккан суу — Сары-Төр менен кошулуп, Өкүргөн суусун түзөт.

Өкүргөн-Көл
Аянты

1,15 км²

Чыккан дарыялар

Сары-Төр

Этимология

түзөтүү

Эл оозунда айтылган уламышка караганда, 1916-жылдагы Үркүн учурунда бир үй-бүлө кыргынга учурап, жаш келин ымыркайы менен жалгыз калат. Аман калуунун максатын көздөп, төөнү минип алып, Кытай тарапка бет алат. Эки-үч күн жол жүрөт. Алдынан жолдо каза болгон адамдардын жансыз денелерин көрүп чочуйт. Ошентип Жетим-Бел кырка тоосунун этегиндеги жайык көлгө туш келет. Көлдү айланып өткүчөктү, күн уясына кирип, караңгы кирет. Келин көлдөн өтсө эле жатакчыларга жетип, аман-соо калабыз деп ойлойт. Анын үстүнө көлдүн үстү тоңгондой көрүнөт. Бирок, көлдүн жарымына жетип-жетпей, муз чарт экиге жарылып, келин ымыркайы, минген төөсү менен көлгө чөгүп кетет. Төө боздоп, ымыркай ыйлап, келин кыйкырып жардам сураганы менен аларга эч ким, эч кандай күч жардам бере алган эмес. Бирок, ошол кайгылуу окуядан кийин аянычтуу үндөр көл үстүнөн айрыкча кышкысын бороон-чапкын болуп, шамал катуу жүргөн учурда жаңырып турат. Ошондон улам бул көлдү жергиликтүү эл Өкүргөн-Көл деп аташат. Көл кышкысын тоңуп, жайкысын толкуп турат[1].

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Булактар

түзөтүү
  1. Өкүргөн-Көл

Тышкы шилтемелер

түзөтүү