Өлчөп орогуч автомат — чубурма же майда даана товарларды пакетке же башка идишке автоматтык өлчөп ороочу машина.

Өлчөп орогуч автоматтын негизги түйүнү — материалдарды массасы, көлөмү же саны боюнча үлүштөгүч түзүлүшү. Өлчөнгөн бөлүк даярдалган пакет же кутуга салынып бекитилет же желимделет.

Өлчөп орогуч автомат тамак концентраттарын, кон­дитер азыктарын, унду, данды, акталган данды, кантты, тузду жана башкаларды өлчөп ороо үчүн кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү