ӨМҮРКУЛОВ КАДЫРКУЛ

Жазуучу, кинодраматург Кадыркул Өмүркулов Сокулук районундагы Жыламыш айылында 1941-жылы 16-февралда Өмүркул Жетикашкаев менен актриса Нуркамал Жетикашкаеванын үй-бүлөсүндө туулган.
1965-жылы Москва шаарындагы Бүткүлсоюздук кинематографисттер институтунун сценардык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1958-жылы «Красный металлист» заводунда темир уста-чогултуучу болуп иштөөдөн баштаган.
1966-жылдан Мамкино, 1971-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио тармагында, 1976-жылдан он жылдан ашуун Жаңылык Басылмалар Агентствосунун (АПН) кыргыз бөлүмүнүн өз кабарчысы жана башчысы, 1995-жылдан КУУнун профессору, азыркы мезгилде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “радио, телекөрсөтүү жана кино” кафедрасынын башчысы болуп иштеп келет.
К.Өмүркуловдун биринчи адабий иши 1965-жылы экранга чыккан «Бакайдын жайыты» кинофильмине жазган сценарийи болуп эсептелет.
Орус жана кыргыз тилдеринде жазат.
Бир катар повесттердин, аңгемелердин, киноповесттердин жана сценарийлердин автору. Анын сценарийлери боюнча «Ак куулар конгон айдың көл», «Каныбек», «Эски тегирмен», «Жер касиети», “Кербез”, “Акжолтой”, “Бурма” ж. б. кинофильмдер тартылып, эл аралык кинофестивалдарда ар кандай сыйлыктарды жеңип алган.
1968-жылы «Бакайдын жайыты» кинофильми үчүн республиканын Ленин Комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.
1965-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1979-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери” наамы ыйгарылган.
1994-жылдан бери “Кыргызстан-Германия” достук коомунун жетекчиси.
Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамоталары, 1991-ж. “Эл достугу” ордени, 2001-ж. “Даңк” медалы менен сыйланган.
2006-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” деген ардактуу наамга ээ болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жылдыздуу түн: Повесть жана аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1976. - 88 б.

Жер касиети: Повесттер жана аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 220 б.

Акжолтой: Аңгеме. - Ф.: Мектеп, 1985. - 32 б.

Миң булак: Повесттер, аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1991. - 360 б.

Орус тилинде

Жили-были: Рассказ.  Ф.: Мектеп, 1986.  24 с.

Дела земные: Повести и рассказы.  Ф.: Кыргызстан, 1978.  163 с.

Гнездо жаворонка: Рассказы и повести.  Ф.: Кыргызстан, 1985.  312 с.

Мир утренней заре: Повесть, рассказы.  М., СП, 1990.  245 с.

Мир веку входящему: Публицистика.  Б., 2004.  65 с.

Стон ледника: Повесть, рассказы.  М., СП, 1990  245 с.