Жетикашкаева, Нуркамал
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жетикашкаева, Нуркамал
Туулган жылы: 1918-жыл
Каза болгон жылы: 1952-жыл
Туулган жери: Жыламыш айылы, Сокулук району, Кыргызстан
Каза болгон жери: Фрунзе шаары
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: артист жана акын
Наамдары:
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1937-жылдан 1952-жылга чейин
Театр: Кыргыз мамлекеттик драма театры

Жетикашкаева Нуркамал (1918–1952) - акын, актриса.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Нуркамал Жетикашкаева 1918-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган.
1941-жылы Москвадагы А.Луначарский атындагы театр искусствосу институтунун кыргыз студиясын Насыр Кытаев, Урумкан Исмаилова, Касымалы Бектенов, Өмүркул Жетикашкаев, Исмаилбек Абдубачаев, Мурадил Ибраев, Махмут Токтоналиев, Какен Урмамбетова, Рая Айдаралиева, Жамийла Калчаева, Бейшен Рысмендеев, Калийча Рысмендеева, Нафиса Курманалиева, Асан Саргалдаев, ж.б. менен бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист, кийинчерээк кыргыз тил, адабият жана тарых институтунда илимий кызматкер болуп иштейт.
Нуркамалдын ырлары 1937-жылдан тартып басмасөздө жарыялана баштайт.

Чыгармачылыгы түзөтүү

1949-жылы анын «Жанган жалын» поэмасы китеп болуп чыгат.
1953-жылы ал дүйнөдөн кайткандан кийин ырлар жана поэмаларынын толук жыйнагы,
1958-жылы орус тилинде «Я дочь Октября» деген ырлар жыйнагы чыккан.
1946-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
Н.Жетикашкаева «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Нуркамал Жетикашкаева адегенде кыргыздын алгачкы театр режиссеролорунун бири Өмүркул Жетикашкаевдин жубайы болгон. Андан бир уулу бар - кинодраматург, жазуучу, Кыргыз эл жазуучусу Кадыркул Өмүркулов.
Ө.Жетикашкаев 1941-жылы Улуу Ата-Мекендик согушка кетип каза болот. Андан соң Н.Жетикашкаева драматург, актер, режиссер, жазуучу Касымалы Жантөшевге турмушка чыккан.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жанган жалын. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 60 бет.

Жаңырган өлкөдө. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 131 бет.

Нуркамалдын ырлары жана поэмалары.Басмага даярдаган К.Жантөшев.)Ф.: Кыргызмамбас, 1953.– 275 б.

Ырлар жана поэма.– Ф.: Кыргызстан, 1978. – 183 б.

Нуркамал: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 208 б.

Орус тилинде

Я дочь Октября.– Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 58 с.

Проходят дни. – К-пте: Антология киргизской поэзии. М.: Гослитиздат, 1957, с.387–388.