Өмүр баян, таржымал же биография — адамдын өмүрүндө болгон негизги окуяларын сүрөттөмөсү. Автобиография менен адаштырбоо керек.

Өмүр баян жеке адамдын социологиялык маалыматтын булагы болуп саналат жана анын кандай адам экенин, улутун, психологиясын тастыктай алат. Адабият таанууда жазуучунун өмүр жолу өтүлөт. Бул же тигил акын же жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө ишинде, аны үйрөнүүдө өмүр баяндык далилдерин, турмуштук окуялардын мааниси чоң. Азыр бизде «Өрнөктүү адамдардын өмүрү» деген адабияттардын тизмеси чыгып жатат. Алардын ичинде акын жазуучулар да бар. Кийинки жылдары бизде Алыкул Осмоновдун, Жусуп Турусбековдун чыгармачылык өмүр жолуна арналган К. Жусуповдун «Ыр сабындагы өмүр», С. Бөлөкбаевдин «Биздин Жусуп» деген биографиялык мүнөздөгү чыгармалары жарык көрдү. Кыргыз жазуучулары өмүр таржымалдуу мүнөздөгү чыгармаларды жазууга активдүү кирише баштады.

Ошондой эле өмүр баяндын: Илим өмүр баяны,

Көркөм өмүр баяны,

Белгилүү өмур баяны ж.б. ушул сыяктуу түрлөрү бар.

Өмүр баян жазууда төмөнкү элементтер колдонулат:

1. Фамилиясы (атасынын аты);

2. Туулган жери, айы, күнү, жылы;

3. Наамдары, атагы (алган күнү жылы);

4. Билими (бүткөн жылы);

5. Кесип тандоодо таасир тийгизген шарттар;

6. Жогорку билими,аскердик наамы,илимдеги даражасы;

7. Ата-энеси,бир туугандары жөнүндө кыскача;

8. Илим билимдеги өмүрүнүн негизги этаптары,дипломдору;

9. Жогорку даражадагы мактоо сыйлыктары (алган күнү,жылы)

10.Белгилүү окуяларга катышуусу.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004